Дил баян а осмонов

Мидин жана Алыкул: тарых тактаган талаш

Дил баян а осмонов

Жыйырманчы кылымдагы кыргыз адабиятында сеңирдеги жаш кулжадай бой керген бир акын алыстан көзгө урунат. Ал­ – Мидин Алыбаев.

Качан болсо жаш, качан болсо курч, сүйүүгө, жашоонун кызыгына, жаштыктын оюнуна, турмуш сонунуна тойбогон Мидин Алыбаев.

Ошону менен бирге эл-журт деген эмне экенин, мекенчилдик эмне экенин, ал гана эмес кең дүйнөнүн, чоң саясаттын агымын нечендерден терең да, кенен да түшүнгөн легендарлуу Мидин…

Эмне үчүн адабият тарыхында Мидин аскадагы кулжа сымал бөлүнүп көрүнүп турат? Башкача айтканда, эч кимге окшош эмес, сыңар, уникалдуу? Кыска жооп табуу кыйын болсо да, бир нерсени баса белгилей кетели: эгер Мидин Алыбаев болбосо кыргыз поэзиясынын тузу татыбай, көркү чыкпай калмак. Жалтанчаак, ийменчээк, инфантилдүү поэзия болмок. Нечен бир ойлор, сөздөр жерине жеткире айтылмак эмес. Айрыкча ашыглык лирикасында. Ошон үчүн Мидиндин саптары баарыбызга жат, өзүнчө эле фольклор.

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай,

Жүрө албаймын күндө сени сагынбай.

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң,

Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай.

Көзүң укмуш–ак чыныда карагат,

Көп караба, жүрөгүмдү жаралап.

Көөнүң болсо, бир белгиңди түшүндүр,

Киши жалдап, сүйө албаймын паралап!

Эч пайдасыз ээрчип жүрөм эринбей.

Жооп берчи, же жок дечи керилбей.

Кээ бир түштө беттен сылап коесуң,

Июлдагы көк конуштун желиндей.

Мындай таамай да, таланттуу да чыккан мөл ырлар кылым камтыган кыргыз поэзиясын барактап чыкканда да өтө сейрек, а балким жокко эсе. Ошону менен бирге Мидин Алыбаев адабияттын башка темаларында да кудум ушул сыяктуу өтө күчтүү, ысык чоктой илеп чачкан жалындуу ырларды жазган акын болгон. Маселен, атуулдук лирика же жарандык лириканы алалы.

Жеримдин суусу–дары, таштары–алтын,

Жыргалда, эркиндикте жашайт калкым.

Таалайга тандап туруп жаралгансып,

Тянь-Шань кышта жылуу, жайда салкын.

Ар дайым алыс жүрсөм сагынамын,

Ардагың артык мага, Тянь-Шаным!

Көңүлдү көтөрүлткөн көрк эмеспи

Ителги имерилген көк асманың.

Мөңкүшүп мөл кашка суу өзөн сайын,

Кулакка симфония берет дайым.

Бейкутка, берекеге белги болуп,

Термелет тентек желге арча-кайың.

Баса, Ата мекен темасы дегенде эле дароо Алыкул Осмоновду эстей кетебиз. Мидинди сейрек сүйлөйбүз. А бирок Мидин Алыбаев мекен темасында да өтө күчтүү, нукура, Алыкулдан ашса ашат, бирок эч бир кем эмес. Мидиндикиндей жалындаган мекенчилдик – сейрек учураган мекенчилдик.

Дөө-шаалар эрөөлү: Касым-Аалы-Чыңгыз

Кыргыз тарыхындагы идеологиялык кармаштардын эң чоңу – ХХ кылымдын башында Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин, андан соң ошол эле Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун ортосунда болгон.

Эми Мидин Алыбаев жана Алыкул Осмонов деген маселеге келели. Бул кокусунан айтылган сөз эмес, урматтуу окурман. Кыргыз адабиятындагы ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар.

Анын бири Алыкул көзү тирүү кезинде басмага чыккан Мидиндин “Мааниси жок “Махабат” деген макаласы.

Бул макалага Алыкул Осмонов кандай реакция кылганы тууралуу бизде эч бир маалымат жок, бирок Мидиндин макаласын мен тарыхый мааниси бар макала деп эсептээр элем.

Сөздүн ток этерин айтсак, бул жерде эки чыгармачыл инсан эмес, эки чыгармачылык доор кагылышты.

Биринчиден, орус-финн согушуна катышып, ок эмне экенин, кыргын эмне экенин өз көзү менен көрүп келген Мидинге кудум согуштун кычап турган кезинде, 1945-жылы, жалаң керт башынын көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, ички турмуштун оош-кыйыштарын жазган Алыкулдын “Махабаты” чынында да Мидинге өөн учураган.

Дени-карды соо, согуштан аман-эсен кайткан, жашоонун кызыгына белчесинен баткан жаш Мидинге оорулуу акындын жан сыры, айрыкча өлүм, өмүр өктөсү, жалгыздык тууралуу ырлары тек гана ыр менен жазылган лирикалык күндөлүк, субъективдүү арман-асирет сыяктуу сезилип, ага Алыкул ички дүйнөнүн көк ирим көлүнө өтө эле чөгүп кеткендей сезилген.

Ал эми Мидинчи? Мидин да жан сырын көп жазган, бирок анын лиризми табияты боюнча башкача лиризм эле. Мидиндин лирикасы – тирүүлүк майрамынын, жашоо салтанатынын лирикасы болсо, Алыкулдун лирикасы – өмүр өктөсүнүн, жашоонун илме-кайыптыгынын, өлүм-өмүр дилеммасынын, ойчул, санаачыл медитациянын лирикасы эле.

Сүйүүгө медитативдүү мамиле эткен, аялзатына философтун көзү менен караган Алыкул:

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,

Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим, – десе

ээ-жаа бербеген жигитчиликтин энергетикасы менен жашаган Мидин:

Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай.

Жүрө албаймын күндө сени сагынбай,

Мээ сергитет менде жүргөн элесиң

Мемиреген Ысык-Көлдүн таңындай, – деп жазды.

Суроо туулат: Мидин менен Алыкулду карама-каршы коюуга болобу? Жок. Экөө эки башка тагдырды аркалаган, эки башка эстетиканы карманган акындар. Мидиндин эстетикадагы пири – Эпикур, же болбосо Дионис. Алыкулдун пири – Аполлон же Афродита.

Алыкул үчүн аялзаты -идеал жана өкүнүч, ал эми Мидин үчүн – жашоонун эквиваленти, либидо, асылдык жана азгырык. Бири аялзатын негизинен кыялында, дитинде, ой-пикиринде сүйсө жана бааласа, экинчиси реалдуу турмушта баалаган, махабатка белчесинен баткан.

Бирок экөө тең адабиятта маанилүү, экөө тең биз үчүн кымбат жана теңдешсиз.

Албетте, Алыкулдун адабият кырманына кошкон түшүмдөрү өтө зор, көлөмдүү жана маанилүү.

Анткени анда көңүлдү бир жерге топтоп, кадалана иштегенге убактысы жана шарты болгон, эч нерсеге алаксыбай, чыгармачылыктын кумарына кудум Мидин сүйүү кумарына баткандай белчесинен баткан, натыйжада зор эмгектерди жараткан. Алыкулдун котормолору эле канчага турат. Шекспир, Пушкин, Руставели… Андан тышкары ырлары, поэмалары, пьесалары.

Ал эми Мидин Алыбаев мыкты деген ырларын негизинен ара-чолодо, колу бошогондо, соолуга калганда, кээде дептерге чиймелей салса, кээде колуна урунган кагаздын айрындысына, чеккен тамекисинин кабына жазган.

“Эшек дептеринин” бир жеринде “шампандын этикеткасына жаздым” деген жери да бар. Ошон үчүн Мидинде “актай калган өмүр барактарына” өкүнгөн саптар абдан көп.

Эгер жашы элүүдөн ооп, ичимдикти таштап, акылман куракка аман-эсен жеткенде Мидин Алыбаев эмне деген терең ырларды жазмак – аны элестетүүгө гана болор эле.

Баса, “эшек дептерлер” тууралуу эки ооз сөз. Бул – эскиден калган традиция. Болгондо да абдан кызыктуу, бай традиция. Чоң адабияттарда ал илгертен боло келген. Маселен, орус адабиятында бул жанрды А. С. Пушкин түптөп кеткен. Улуу орус акынынын эротикалык ырлары ошол он тогузунчу кылымда эле эл ичине кол жазмалар түрүндө тараган. Бул салтты кыргыз адабиятында Мидин Алыбаев түптөдү.

Айтор, Мидин Алыбаев бир кылымда бир келген сейрек акын, керек болсо сыңар акын. Негизги себеп – эч качан өз чабытын чоң саясат менен же утурумдук конъюнктура менен чектеген жок. Эркин жашады. Каалаганындай, тилегениндей өмүр сүрдү. Эл сыйлаган эрке акын болду.

Кимдир бирөөгө жагалданып, эптеп орден же медал алууну, наам алууну, кызмат алууну ойлогон жок. Сөздүн толук маанисинде көз карандысыз жашады, каалаганын сүйлөп, оюндагысын тартынбай жазды.

Кээ бир ырлары эч качан жарыкка чыкпасын эң сонун билчү, ошон үчүн анын “эшек дептерлери” жаралды. Алар акын көзү тирүү кезинде эле ооздон ооздон өттү же кол жазмалар түрүндө калктын калың катмарына таралды.

Баарынан кызыгы, Сталиндин заманында, тоталитаризмдин чеңгели кимди да болсо чыркырата мыкчып турган заманда Мидин кантип ээн-жайкын жашаганына, куулуп-сүрүлбөгөнүнө таң каласың.

Мидиндин кыргыз адабиятындагы орду кайталангыс жана уникалдуу. Калтырган мурастары өтө деле көлөмдүү эмес, бирок анын табы күнү бүгүнкүдөй ысык, илеби азыр да курч, сөзү таамай ырлары кылымдарды аралай турган ырлар. Аны өзү да жакшы билип, Соң-Көлгө арнаган бир ырында минтип жазган эмеспи:

Кош, Соң-Көл, сен турасың кылым санап,

Мелтиреп кадимкидей көктү карап,

Кош, Соң-Көл! Же келермин, же келбесмин,

Болжошту айтыш кыйын, атаганат…

Мен өлүп, сени экинчи көрбөсөм да,

Эскирген сары кагазда ырым калат.

Ошондуктан Алыкул менен Мидин биздин поэзияда Кавказ тоолорундагы Казбек менен Эльбрус сыяктуу. Биринен экинчиси кызык, биринен экинчиси бийик. Экөө тең баалуу, экөө тең түбөлүктүн сапарлаштары, жандоочулары.

“Азаттыктын” материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Источник: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_poetry_alykul_midin_culture/28340610.html

Алыкул Осмонов — өмүр баяны

Дил баян а осмонов

Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмок балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт.

14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 

1930-жылы “Сабаттуу бол” гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу “Кызыл жүк” деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет. 

Алыкул 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн.

“Ленинчил жаш” гезитинде, “Чабуул” журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан “Махабат” аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн.

Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери “Жаңы ырлар”, “Менин жерим — ырдын жери”, “Ата журт” жыйнактарында дагы бекемделген.

Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан.

Алыкул Осмонов 1935-1950-жылдар аралыгында ондон ашык ыр китептердин ээси болду. “Таңдагы ырлар”, “Жылдыздуу жаштык”, “Чолпонстан”, “Махабат”, “Жаңы ырлар”, “Менин жерим — ырдын жери” деген жыйнактары жарык көрдү. “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү.

Пушкиндин “Евгений Онегин”, Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин “Он экинчи түн”, “Отелло” трагедиясын, Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды. 

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө.

“Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган” бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган.

Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин,Өктөө кылып: “Ай, аз бердиң”, — дебесмин.Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет. 

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,Узак, узак, узак болсун бул сапар.Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.

Алыкулдун айрым чыгармалары табышмактуу сөздөрдү камтыганын байкоого болот. Профессор Осмонакун Ибраимов акындын табышмактуу сырлары боюнча бир катар пикирлерин айтып чыккан.

Анын айтымында Алыкул Осмоновдун чечиле элек сыры — анын саясатка болгон мамилеси. Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан эмес.

Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазган.

“А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо.

 Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир”, — дейт професссор Осмонакун Ибраимов. 

Айрыкча “Ата Журт” деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берген:

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң, Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп… Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла, Көпкө турбас мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин, Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп… Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла, Көпкө турбас мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

“Кыштын катуу”, “жолдун кыйын” болуп турганы, “түндөр жаман”, “жаз да башка” экендиги, заман оорлоп, асманды “сур булут” каптап тургандыгы — абдан күчтүү тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы, башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.

Бектенов “Манас” эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап, заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек ал саясатты да жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган.

Бул боюнча Осмонакун Ибраимов чыгармаларын терең изилдеп ушундай пикирге келген. 

Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А.Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле.

Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал ач колун сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Көзү өткөндөн кийин, 1964-1967-жылдары чыгармаларынын үч томдугу жарык көрдү.

1984-1986-жылдары ырлары, котормолору, поэмалары менен драмалары кайрадан үч томго топтоштурулду.

1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысымы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп, тоо чокусу (4060м) жана бир кемеге Алыкулдун ысымы ыйгарылган. А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.

Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.

1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Алыкулдун Акбозат” поэзия майрамын уюштурган.

Сыйлыктары. “Ардак белгиси” ордени (1938-ж), “1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен (1946-ж) сыйланган. 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган. 

Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен. 

Залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнө салган.

Источник: https://sputnik.kg/reference/20161114/1030265768/osmonov-omur-bayany.html

Ак боз атчан Алыкул: табышмагы жана жандырмагы

Дил баян а осмонов

“Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар” түрмөгүндө бул жолу улуу акын Алыкул Осмоновдун тагдыры жана чыгармачылыгы тууралуу сөз болот.

Тарыхтын элеги, мезгилдин сынагы деген кээде аябагандай таш боор, кээде күтүлбөгөндөй айкөл нерсе го. Буга мисалдар адабияттан, маданияттан, ошол эле тарыхтан сандап табылат. Нечен абройлуу деген акындар менен жазуучулар тирүү кезинде эле унутулуп, чыгармалары окулбай калган учурлар турмушта өтө көп.

Ошону менен бирге өз мезгилинде эч кимдин деле көзүнө урунбай, орден же медаль албай, өзү менен өзү сыяктанган кээ бир инсандар “Манастагы” Тайбуурул сыяктуу улам узаган сайын арышын кенен таштап, тарыхтын марасына биринчилерден келгенин көрүп да, билип да жүрөбүз. Улуу акын Алыкул Осмоновдун акын катары даңкы каза болгондон кийин чыкты.

Адегенде аны туурап жазган акындардын бүтүндөй мууну келди. Бара-бара адабиятта өзүнчө “Осмонов мектеби” пайда болду. Өткөн кылымдын 60-70-жылдарындагы “күмүш доор” деп аталып жүргөн адабий доордун керегесин тикелеп, каалгасын ачкандардын негизгиси – Алыкул Осмонов экенин азыр ар бирибиз билебиз.

Ал эми эгемендик заманында Алыкулдын аты өзүнчө эле коомдук символ, улуттук культ болуп кетти, моралдык тазалыктын, руханий аруулуктун бирден-бир үлгүсүнө айланды. Сыягы тарыхта түбөлүк калыш үчүн аябай көп жазып, калың китептерди, сандаган томдорду чыгарыштын эч бир кереги жок окшойт.

Алыкул бир нече гана чыгармасы менен, классика болуп калган бир катар лирикалары жана поэмалары менен төл адабиятыбыздын эң төрүнөн орун ээледи. Ошол үркөрдөй болгон бир нече чыгармалары бүтүндөй адабият агымын жаңы багытка буруп, башка бир доордун, жаңы этаптын, жогоруда айтылган “күмүш доордун” дарбазасын ачты. Бул Алыкулдун акын катары биринчи табышмагы болду десек туура болот го.

Алыкулдун экинчи табышмагы – ага болгон чыныгы элдик сый жана урмат, тагыраак айтсак – элдик сүйүү. Маселен, ошол эле Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков Алыкулдай эле эмгек кылышты, адабият босогосун бирдей эле мезгилде атташты, аларды деле эл урматтайт жана сыйлайт, бирок Осмоновго карата биздин, кыргыз элинин өзгөчө мамилеси – бул өтө кызык тема.

Биз Алыкулду урматтайбыз десек сөзүбүз так болбой калат, жок, биз Алыкулду жан-дилибиз менен сүйөбүз – а бул башка маселе… Ооба, Алыкул эрте кетти. Катуу оорудан эч бир айыга албай, 35 жашында кеме сыяктуу калкып кете берди. Убагында аны эч ким деле кадырлап, коомдук масштабда мактап, ардактаган жок.

Кургак учук, болгондо да туберкулездун ачык формасы акынды элден обочо жүрүүгө мажбурлап, Алыкул эл сыяктуу не карындаш-урук, не үй-бүлө күтө албады. Жалгыз чүрпөсүнөн айрылды. Айласыздан бүт өмүрүн чыгармачылыкка, поэзияга арнады. Китеп которуп, китеп менен жашап, китеп менен сүйлөштү, китеп менен жүрүп өмүрүн өткөрдү.

Жазган негизги темасы – өмүр жана өлүм, мезгилдин учкулдугу, жашоонун кыскалыгы, турмуштун түпсүздүгү, сүйүүнүн ыйыктыгы, анын ачуу даамы, мааниси болду. Ошону менен бирге катуу оорунун айынан Алыкулдун өмүрү кумдай ушаланды; өлүм сааты улам жакындап калганын жаны-дили менен сезип, акын ошону чыгарма кылып жазды.

Өлүм ирегесин сагалап, ажал бетме-бет келгенде Алыкул жарык дүйнөнүн кадырын чындап сезип, натыйжада ой жүгүртүүсү деңиздей тереңдеп, асмандай кеңейди.

Алыкулдун инсан катары трагедиясы, убагында бааланбагандыгы, томолой жетимдиги боорубузду ачытып, чыгармаларындагы чынчылдыгы купулубузга толду; ырларындагы ысык мээрим дилибизди жылытып, адам катары тереңдиги жана акылмандыгы ар дайым өзүнө тартып келди. Ошентип Алыкулга болгон элдик сүйүүбүз жаралды. Алыкул Осмоновдун дагы бир чечиле элек сыры – анын саясатка мамилеси.

Акын аттуунун баары жабыла партияны, Ленин менен Сталинди асман-айга теңеп ырдап жаткан мезгилде Алыкул дээрлик үн каткан жок. Учур саясатын же жакшы, же жаман дебей, негизинен түбөлүктүү темаларды жазды. А бирок суроо туулат: Касым Тыныстанов атылып, кыргыздын нечен мыктылары дайынсыз жок болуп кеткен катаал заманды Алыкул укпадыбы, көрбөдүбү? Же көрсө да көрмөксөнгө салдыбы? Бул табышмактуу чоң суроо. Жок, көрсө Алыкул баарын көрүп, баарын сезиптир, нечен түйшөлүптүр, бирок бороон-чапкындуу каар заманды ачык публицистиканын тили менен эмес, Эзоптун тили менен, метафоранын тили менен, каймана образ жана салыштыруулар менен так да, даана да кылып ачып бериптир. Айрыкча баарыбыз жатка билген “Ата Журт” деген ырда Алыкул замандын портретин абдан эле элестүү жана жеткиликтүү кылып берип коюптур:

Жылуу кийин, жолуң кыйын, үшүрсүң,
Кыш да катуу, бороон уруп, кар уруп…

Же болбосо:

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп,

Же болбосо:

Жаз да башка, жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут, ж.б.

“Кыштын катуу”, “жолдун кыйын” болуп турганы, “түндөр жаман”, “жаз да башка” экендиги, заман оорлоп, асманды “сур булут” каптап тургандыгы – абдан күчтүү тартылган заман портрети, мезгил сүрөтү. Мактоо эмес, сындоо. Бул ыр 1948-жылы, башкача айтканда Сталиндик репрессиянын экинчи толкуну башталып жаткан кезде, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор “Манас” эпосу үчүн камакка алынып, саясат катуулап, заман чын эле сурданып турган кезде жазылганын эскерте кетели. Демек Алыкул саясатты жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган. Алыкулдун дагы бир табышмагы – 1941-жылы “Лирика” деген басууга даяр ыр жыйнагын өрттөп салганы. Эмне үчүн? Өрттөбөй эле, сандыкка салып, катып койсо эмне болот эле? Жок, акын эмнегедир өрттөөнү ылайык көрүптүр. Демек замандын тартиби катуулап, саясаттын түрү абдан каардуу болуп кеткенин Алыкул көргөн, билген.Акын мындай деп ачык жазат: “1939-жылдан 1940-жылга чейин аз жаздым. Бирок көп окудум. Негедир ошол мезгилде “Лирика” аттуу китеп камдап, бир топ пессимисттик ырларды жаздым. Кийин 1941-жылы анын баарын өрттөп салдым”. Айтор Алыкул Осмонов илгерки грек философу Диоген сыяктуу жыгач челектин ичине коргологон инсан, замандын агымынан сыртта жашаган кечил, жеке чарба жазмакер эмес, доор портретин өзгөчө боёктор менен таасын кылып тарткан ойчул сүрөткер экен. Албетте Алыкул тууралуу айта берсек сөз өтө көп. Анын өмүрү, адам катары трагедиясы, жазылбай калган чыгармалары, жазылса да заман каарынын тайсалдап, нечен чыгармаларын өрттөп салганы – дагы да изилдене турган, ой жүгүртө турган маанилүү маселелер. “Турмушта мен өтпөдүм, өмүрүм өттү,Мен ага жолдош болуп ээрчип келдим”, – деген экен улуу лирик, кайталангыс философ, жаңы кыргыз адабиятынын баштоочусу Алыкул Осмонов. Чынында да Алыкулдун адамдык, же болбосо биологиялык өмүрү, албетте өттү, бирок ырларындагы экинчи өмүрү, чыгармаларындагы руханий дүйнөсү түбөлүккө жашап калды.

Таштан болоор, кумдан болоор төшөгүм,Аз болсо да сыртта калаар сөздөрүм,Өлсө дагы жара тээп мүрзөмдү,

Буудан болуп, таскак салып өтөөрмүн, –

деген улуу акындын көрөгөчтүк менен айтылган сөздөрү бүгүн тарых фактысына, турмуш чындыгына айланып отурат.

Источник: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_literature_alykul_osmonov/24624400.html

Бир кылым карыткан алыкулдун көзү менен

Дил баян а осмонов

9,528  3 

Н.Орозалиев атындагы орто мектебинин 10-а классында «Бир кылым карыткан Алыкулдун көзү менен» деген темада өткөрүлгөн ачыксабактын иштелмеси.
Сабактын темасы: Бир кылым карыткан Алыкулдун көзү менен.

Сабактын билим берүүлүк максаты: Окуучулар акындын өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө өз түшүнүктөрүн айта алат.

Сабактын өнүктүрүүчүлүк максаты: Үн кубултуп көркөм айтуу менен сөз байлыгын, чыгармадагы каармандарды эске тутуу менен ой чабытын өнкүтүрө алат.

Сабактын тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар патриоттук сезимде жашоого, сүйүүнү сыйлап, кадырына жетүүгө, өз мекенин, тулуп өскөн айылын, унутпай кадырлоого тарбияланышат.
Сабактын тиби: Бышыктоо.
Сабактын усулу: Интерактивдүү.Сабактын байланышы: Кыргыз тили, музыка, сүрөт, кыргыз адабияты

Сабактын жабдылышы: Слайд, буклет, китеп, ватман.

Сабактын жүрүшү: 1. Саламдашуу, катышууну текшерип, сабакка жагымдуу маанай түзүү. 2. Кыргыз тилинин гимнин ырдатуу. 3. Окуучуларды топторго бөлүштүрүп, алтын эреже менен тааныштыруу. Алтын эреже: 1. Сүйлөп жатканда бири-бириңердин сөзүңөрдү бөлбөгүлө. 2. Колуңарды көтөрүп сүйлөгүлө. 3. Айткан окуучуну эмес, анын идеяларын сындагыла. 4. Өтө көп, маанисиз сүйлөбөгүлө. 4. Слайд.5. Мугалим: Алп акыныбыз А.Осмонов өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун ар бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Ал өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан бүгүнкү сабагыбызды поэзия менен баштасак. (ар бир топтон бирден окуучу ыр айтат)1. Артур (Адамзат)2. Фарида (Бөбөккө)

I. Тапшырма: Кроссворд.

1 А Л Ы К У Л 2 П А Н Ф И Л О В 3 К Ы З Ы Л Ж Ү К 4 О Н Э К И Н Ч И Т Ү Н 5 П У Ш К И Н Д И 6 Ж Ы Л Д Ы З Д У У Ж А Ш Т Ы К 7 Т О К М О К 8 О С М О Н О В 9 А Д А М З А Т 10 К О Ш Т О Ш У У 11 З Е Й Н Е П 12 К И М Б О Л Д У Э К Е Н

13 Ш О Т А Р У С Т А В Е Л И Г Е

Суроосу:1. Таланты таш жарган акын ким?2. Алыкул Осмонов кайсыл райондо туулган?3. Алгачкы жолу кайсы ыры менен тушоосу кесилет?4. Шекспирдин кайсы драмасын кыргыз тилине которгон?5. Орус элинин кайсы акын жазуучусун кыргыз элине тааныштырат?6. 1950-жылы кайсы ырлар жыйнагы жарык көрөт?7. 1925-28-жылы кайсы шаарда балдар үйүндө тарбияланат?8.

1950-жылы 12-декабрда кайсы акын дүйнөдөн кайткан?9. Акындын кайсы ырында адам баласына болгон сүйүүсү берилген?10. «Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы» — деген ыр саптары кайсы ырында камтылган?11. Алыкулдун жубайынын аты ким?12. «Баатырдын-баатырына тийсин»-деген ыр саптары кайсы поэмасында камтылган?

13.

«Жолборс терисин жамынган баатыр» дастаны кимге таандык?

II. Тапшырма. Илим дарагы. 1. Кыргыз тили бутагы. I-топ. суроо: Берилген сөздөн үндүү тыбыштарга фрнетикалык талдоо. Алыкула.- үндүү, жоон, эринсиз, кең

ы.- үндүү, жоон, эринсиз, кууш.

II-топ. Осмоновс.- үнсүз, учкул, жылчыкчыл, каткалаң, түгөйлүү.

м.- үнсүз, кош эринчил, мурунчул, уяң, түгөйсүз.

2. Сүрөт бутагы.I-топ. (Тоонун сүрөтү)

II-топ. (Комуздун сүрөтү)

3. Музыка бутагы.I-топ. Музыка.

II-топ. Ата Журт.

4. Адабият бутагы I-топ. Акындын ырларын атап бер.

II-топ. Акындын поэмаларын атап бер.

III. Тапшырма. Текстти тууралап жазуу.

А. Осмонов Акындын жеке пенделик тагдыры өтө татаал, өйдө-төмөн: ата-энесинин мээримин көрбөй жетим чоңойду.

жигит курагында сүйүүдөн жолу болбоо, бош кошкон жарынын чыгыштык кылышы, жанынан артык көргөн наристеси жыпарынын чарчап калышы, досторунун, санаалаштарынын оң-терс мамилелери, айыкпас дарт, чыгармачылыгынын өз мезгилинде өз баасын албашы-баары анын акындык арымына бут тосо албаган.

жеке турмушундагы жоготуулар жакшы ырлардын жазылышына тоскоол боло албаган. А.Осмонов жаш чагынан көп окуп, көп жазып, акындык өнөрдүн сырларын өздөштүрө баштаган. Ыр токуу ышкысына жан дилим менен берилип, көп эмгектенген. Ал «Курбума кат» деген ырында поэзия жөнүндө мындай дейт.

Поэзия –бул адамдын жаны экен, Күн өтсө да, өчпөй турган шамы экен. Өмүр, турмуш картайса да аргасыз, Поэзия – улам кайра жаңы экен. Ал поэзияны жөн гана кесиби эмес, өз өмүрүнүн шериги, өз жашоосунун маани-маңызы деп эсептеген. А.

Осмонов драматургияга да көңүл бөлүп, бир жана көп көшөгөлүү бир канча дрмаларды жараткан. Алардын ичинен «Экинчи бригада» деген комедиясы гана элеттик профессионал театрынын сахнасында коюлган.

«Ак мөөр» пьесасы акындын драматургиялык иш-аракеттеринен чыккан дурусураак натыйжа деп айтылган.

IV. Тапшырма. Табышмак.1. Чуңкур эмес, дөң эмес,Түсү бардай өң эмес.Дөргөйү кең тар эмес,Эч нерсеге зар эмес.Көпчүлүк анда жатышат,

Батпаган өйдө качышат. (Тегиздик).

2. Сапары бир жерден башталат,Ар бири ар жакка аттанат.Саат жебелери өңдөнүп,Төрт түрдүү болуп түрдөнөт.Муну тапкан окуучу,

Билимге карай күүлөнөт. (Бурч).

Окуучулардын билим баалоо.

Үй тапшырма: «А.Осмонов кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы» деген темада дилбаян жазуу.

Назгул МАМБЕТКУЛОВА, Жалал-Абад облусу Ала-Бука районуН. Орозалиев атындагы орто мектебиКыргыз тили жана адабияты мугалими

Источник: http://aimak.kg/chygarmachylyk/koldonmo/7799-bir-kylym-karytkan-alykuldun-kz-menen.html

Поэзиянын чолпону Алыкул! / ДЕМ – Кыргызстандын жашоо деми

Дил баян а осмонов

КТРКнын “Аалам сырлары” көрсөтүүсүн даярдап жүрүшкөн Асыл Апасова менен Назира Айтбекова Алыкул Осмоновду да реалити-шоуга кошолу деп келишкенде каршы болдум. Акындыгы да, адамдыгы да кыргызга өзгөчө, ыйык инсандын арбагын оюнга айлантуу жарабайт ниетинде.

“Жүздөн ашык көзү ачыктарды сынаганга, алардын адабият жана көркөм дүйнөтаанымдарынын деңгээли кандай экендигин билүүгө, ошол эле учурда Алыкулду да эл арасына кеңири жайылтуу шарты түзүлүп жатканын ой таразаңыздын экинчи жагына коюп көрсөңүз”, – дегендерин эп көрүп, макулдук берген элем.

Алыкул ааламы жана көзү ачыктар

Ошентип, жайкы чилдеде, 18-июлда Алыкулдун жайбашына куран окутуу менен теле көрсөтүү тартыла баштады. Ошентип, Алыкул ааламынын сырларын чечмелөөгө алты көзү ачык аттанды. Көздөрү таңылган аларды машинага отургузуп, шаарды аралатып, Ала-Арча көрстөнүнө чейин ошол абалда алып келишти да, акындын мүрзөсүнө жакындаганда гана көздөрүндөгү кара кездемени чечишти.

Ага чейин акындын эстелигинин үстүнө кара жабуу жабылганда, күндүн ысыгында ого бетер думуктургандай абалга кептелгенибизге ичимден кечирим сурап жаттым…

Алты катышуучуга тең жалпы, окшош, бирдей суроолор берилди.

1. Бул жайбашы кимге таандык, аялдыкыбы же эркектикиби?

2. Өмүр жолу эмнеге байланышкан?

3. Жеке тагдыры кандай болгон?

Кубаныч мырза 3, 5 сандарынын бул адамдын тагдырында ээлеген орду, кандайдыр суу, көл жээги, калем, китеп жана кичинекей кыз жөнүндө айтуу менен бирге ушул жерге коюлган адамдын ыры деп 39 сапты кээде муңканып, кээде буркурап, кээде тынып окуганы өтө таңдантты.

Бул ыр саптары ичинен төмөнкүлөрү мага тиешелүүдөй туюлду, өзгөчө биринчи жана акыркысы:

Ушул жерди басканыңа капа эмесмин,

Мейли, мейли,

Капа болот арбак дедиңерби?

Андай эмес.

Мен силердин келгениңерди

кубаттаймын,

Кубат, күч-кубат берип мен турайын.

Жүрөгүңөргө нур чырагын жандырайын.

Мени эстетип турганыңа ыраазымын,

– деген менен жалпы элдик деңгээлде жакшы көңүл бурулбай жатканына акын арбагы түйшөлгөндөй:

Негедир мени эч ким көрбөгөндөй,

Мага эч ким басып дагы келбегендей.

Жан дүйнөм ушунчалык кыйналып –

Көңүлүм ушунчалык ыйлап жүрөт.

Чындыгында эле Алыкул Осмоновду бардыгы билгендей, урматтагандай жана кам көргөндөй сезилгени менен акындын жан дүйнөсүнөн, руханий көрөңгөсүнөн жаралган ырларын же өзү айткандай «өңү өчпөс килемин» мүлдө кыргыз алигиче көтөрө албай жатканы жалганбы?! Мамлекеттик, улуттук идеология дегенибиз жөн эле куру сөз экен. Болбосо канча бийлик алмашты, ылаажы жок…

Бул ыр саптарын изилдеп-иликтөө, мурункулары менен салыштыруу адабиятчылардын, асыресе текстологдордун адистик милдети эмеспи.

Айтмакчы, Алыкулдун аян сымал ырларын алыскы Чоң-Алайдын Сары-Булак айылынын тургуну Бермет айым да укмак түгүл, кагазга жазып жатканын 2009-жылдарда эле эшиткем.

Бул маалыматтын эң кызыктуу эки нерсеси бар. Биринчиси – Алыкул көзү тирүү¬сүндө жазууга үлгүрбөй калган чыгармаларын Берметке жаздыртканы, экинчиси – калппы-чынбы билбейм, ошол ырлар жазылып бүткөндө Берметти Бишкекке барып, П.Казыбаевге жолугасың дегени… Булардын канчалык чындыгы бар экенин мезгил көрсөтөр.

Анткени, Бермет айым акындын аян аркылуу жаздырткан ырларынын алгачкы бөлүмүн Дароот-Коргондо калтырып койгон имиш. Аларды жана кийинкилерин толуктап алып келмегин, ошого жараша акындын үй-музейине кирмегин, эң башкысы жайбашына барып куран окутмагын күтүп жүргөнүмө үч жылдан өтүп баратат…

Бермет айым барсыңбы? Же улуу акындын аброю менен оокат өткөргөн жансыңбы?..

Андрей аттуу орус жигиттин ошол 18-июлда: “Бул жерде башынан катуу жаракат алган жана өлүмү да ошого байланышкан адамдын сөөгү коюлган” дегени таңдантты.

Эгерде, буга ишенсек, Алыкулдун 1949-жылдын августунан өмүрүнүн акырына чейин ыр жазбаганы (чыккан китептери боюнча) ушундай кырсыкка байланышканбы? Ысык-Көлдө жүргөндө ка¬йыктын калагы тийдиби же “Победа” машинасынан бирдеме болгонбу… Айтор, көп суроо¬лор жаралды.

Андрейдин оюн Айгүл Майорова менен Мамыржан ажы да толуктаганы ойлонтуп койду. Андрейдин “Победа” машина жөнүндө боолгологону, Айгүлдүн бул адам эки жакка көп каттагандай түрү бар, кандайдыр такылдаган же гудокко окшогон үн угулууда дегендери да чындыкка жакын болду. Анткени, Алыкулдун Бишкектеги акыркы үйү, азыркы музейи темир жолго жакын.

Элдин жалпы колдоосуна ээ болуп, эң башкы байгени жеңип алган Фатима акындын алтымыш жылдан да мурда каза болгонун айтты. 200 сомдукту эмне үчүн сунуштаганын кийин гана баамдап, оозу ачылып турду.

Мамыржан ажы сөөк аялдыкы деп жаңылды.

Көрүүчүлөрдүн көбүнө жүрөгү менен өпкөсүн мыкчый кыйкырганы таасир эткен Асел айымдын башкалардан айырмасы – өткөн чак менен бирге келечекти да болжоп айтканы.

Ата-энесинен эрте калган, өпкөсү жабырланган, ата-эне мээримине толук канбагандай эле өзү да ата катары бактылуу эмес¬тигин, кичинекей чүрпөсүн көргөн маବлы жана анын эки жумалык жашоосу гана эң бактылуу кездери экендигин айтканы дал келип турду.

– Жакын арада алыска аттанат… Өзү эмес, анын ишин илгерилетип жүргөн, сакалчан, түктүү, жаш курагы 60-63төрдөгү адам, – дегенин укканда ишенбей да кеттим. Анткени, сөз мен жөнүндө эле.

Чынында ага чейин Грузия элчилери менен сүйлөшүп, ырларын грузин тилине котортуу жана экспонаттар алмашуу маселеси козголгон.

Кытай кыргыздарына араб тамгасында чыгарылат деп беш томдугун менден 30-октябрда алып кетишкенде, Асел айымдын айткандары чындыкка тете келгенине ынандым.

Эми, 2013-жылы Тбилисиге чакырганга аракет кылам деп кеткен Грузия элчиси Давид Мумладзенин айтканы ишке ашса, Асел айымдын касиети чын экендигине жана бир далил болмокчу.

Ток этерин айтканда, Алыкул Ос¬мновдун арбагын козгоп алганга жараша жапатырмак киришип, жүз жылдыгын 2015-жылы жүзүбүз жарык даярдыктар менен тосуп алалы, айланайын Ала-Тоонун атуулдары.

Бул боюнча кайрылуу акындын жалпы күйөрмандарынын атынан КР Баатырлары К.Кондучалова, С.Эралиев, С.Жусуев тарабынан КР Президенти А.Атамбаевге жөнөтүлүп, “Кыргыз Туусу” гезитине 2012-жылы 9-ноябрда жарыяланган.

P.S. Көзү ачыктардын жеңүүчүлө¬рүнө Баш байге гана берилгени, 2-3-орунду алгандарга жок дегенде көңүл жубатарлык акча бөлүнбөгөнүн эл айтууда.

Памирбек КАЗЫБАЕВ, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин директору

Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар…

Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,

Күчү жок бирок мени коркута алар.

Себеби, мен өлгөндө ордум басат,

Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!

Кыргыз поэзиясынын чолпону аталган Алыкул Осмонов актуалдуу ойдун акыны. Анын ырын окуган адам ойго түшөт, таасирленет, кайра окугусу келет. Анда жасалма, куру кыйкырык жок, жөнөкөй жана жугумдуу саптар жүрөгүңө сүртүлүп кала берет.

Акындын адабиятка келген алгачкы кадамы Токмоктогу балдар үйүндө окуп жүр¬гөндө башталган. Ошондо эле А.С.Пушкинге таасирленип, “Кышкы кеч” аттуу ырын которгон.

1930-жылы республикалык «Сабаттуу бол» гезитине «Кызыл жүк» деген ыры жарык көрөт.

1931-жылы Жусуп Турусбековдун демилгеси менен «Ленинчил жаш» гезитине болочок акындын ырларына арналып атайын бет уюштурулат. Кийинки жылы А.Токомбаевдин жардамы менен «Чабуул» журналына ишке орношот. А.

Токомбаевди ээрчип биринчи жолу Москва шаарына барат. Экөөнүн катар туруп түшкөн сүрөтү «Правдага» басылып чыгат.

1935-жылы «Таңдагы ырлар» деген ат менен алгачкы ырлар жыйнагы, 1936-жылы «Жылдыздуу жаштык» деген экинчи китеби басылып чыгат.

1937-жылдан 1940-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар кошунунун коомдук башталыштагы жооптуу катчысы болуп иштейт. Кыргыз жазуучуларынан биринчи болуп «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат.

СССР жазуучулар кошунунун мүчөлүгүнө өтөт, кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвадагы декадасына катышат.

1940-жылы Алыкулдун котормосунда «Жолборс терисин кийген баатыр» Казандан латын тамгасы менен басылып чыгат.

1941-жылы августта Зейнеп Сооронбаевага үйлөнүп, кийинки жылы Жыпар деген кыздуу болот.

1945-жылы акындын чыгармачылыгынын жетилген чокусу катары «Махабат» аттуу ырлар жана поэмалар жыйнагы жарыкка чыгат. Бир жылдан соң Сталиндик сыйлыкка көрсөтүлөт. «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланат.

1947-жылы «Менин жерим – ырдын жери» деген жыйнагы басылып чыгат. 1950-жылы Москвада орус тилинде «Мой дом» деген ырлар жыйнагы жарык көрөт.

Алп акындын турмушундагы кыйынчылыктар анын экинчи тагдыры болгон. Үч жашында томолой жетим калат. 1931-жылдан баштап сүзөктөгөн өпкө оорусуна кабылып, анысы ырбай баштайт. 1940-жылы «Лирика» аттуу китеп камдап, аны жактырбай өрттөп, чыгармачылык кризиске кабылат.

1945-жылы Мидин Алыбаевдин акынды нечен күн бою бүк түшүргөн «Мааниси жок махабат» деген кордоо макаласы партиялык гезитке басылат. 1948-49-жылдары кургак учук оорусу күчөп кетет.

Таланттуу акын 1950-жылы 12-декабр¬да көз жумат. Өкүнүчтүүсү кийинки бир жарым жыл ичинде жазган кол жазмалары уурдалып кеткен. Бирок анын поэзиясынын бийиктиги мезгил өткөн сайын, муундар алмашкан сайын жогорулап кете берет. Анткени ал нукура таза талант болуп туулган акын. Ал өзү мындай деген:

Токточу өмүр, токточу өмүр токтой тур,

Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары-сур.

Тил албассың, жоголо бер, кете бер,

Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.

Он беш жолу улам кайра туулуп,

Он беш жолу жашарбасам карап тур!

Ооба, кыялкеч келечекке ишенимдүү акын ар бир муун менен кайра туула берген ырлары аркылуу жылдыздай күйүп жашай берет.

Б.БУЗУРМАНКУЛОВА

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Источник: http://www.dem.kg/kg/article/741/poeziyanyn-cholponu-alykul

Дил баян а осмонов

Дил баян а осмонов
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Москвада орус тилинде жарык көргөн «Мой дом» аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлгөн. «Ленинчил жаш» гезитинде, «Чабуул» журналында иштеген. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн.


Оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан «Махабат» аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери «Жаңы ырлар», «Менин жерим — ырдын жери», «Ата журт» жыйнактарында дагы бекемделген.

Баатырдан калган туягым, багыма бүткөн тумарым…» («Манас» эпосундагы Семетейдин образы).

5.

«Сейтек» эпосундагы ички душмандар менен күрөш, үй-бүлө темасы. 6. «Кут алчу билим» – түрк элдеринин адеп-ахлак күзгүсү (Ж.Баласагындын 1000жылдыгына карата). 7. Махмуд Кашкары – энциклопедист аалым жана агартуучу.

8. «Ырыс алды – ынтымак, Ынтымагыӊ жок болсо, Алдыӊдан таяр алтын так».

(Калыгул акын-олуянын доору жана анын масел-деринин таалим-тарбиялык мааниси). 9.

Алыкул осмонов. чыгармалар жыйнагы

Тоталитардык-акимчилик бийлик жана «өжөр жылдыздар» (Ч.Айтматовдун «Гүлсарат» пове-стиндеги Танабайдын ыймандык тазалык үчүн күрөшү). 25. «Арыба, Ак кеме, мен келдим!» (Ч.Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги адеп-тик проблемалар). 26. Бакыт кушун колдон учурган адамдын баяны (Ч.Айтматовдун «Делбирим» повестиндеги каар-мандарга мүнөздөмө).

27.

Песни рассвета» (1935), «Звездная молодость» (1937), «Чолпонстан» (1937). В этих сборниках молодого поэта сразу бросается в глаза риторичность, декларативность, вторичность.

Самое огорчительное — он не обрел своего поэтического голоса, хотя при внимательном чтении стихотворений можно отметить такие удачи, как «Ночной голос», «Красные летчики», «Вперед, товарищи!», «Защитим свой класс», «Чапаев» и другие.

Алыкул осмонов омур баяны жана чыгармачылыгы

В годы войны он жил напряженной творческой жизнью, писал стихи о войне, перевел поэму Низами «Хосров и Ширин» (1941), пьесу Шекспира «Двенадцатая ночь» (1942), написал пьесы «Чолпонбай», «Любовь», «Кто это?» все о героях войны (1943).

Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

Мен турмушта сараң, ачкөз эмесмин, Өктөө кылып: «Ай, аз бердиң», — дебесмин. Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу, Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

Осмоновдун акындык жана адамдык сапатын мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адам кайталангыс таланты менен өзүн өлбөс кылып жаратат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.

Демек ал саясатты да жазган, бирок элчилеп ураалаган эмес, тескерисинче, абдан кооптонгонун, дагы кандай заман болуп кетет деп чочулаганын жогорудагыдай метафоралардын, символдордун, тереңге катылган коддордун тили менен жазган. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди.

Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле.

Дилбаяндардын тематикасы

Ф.: Кыргызмамбас, 1945.  76 б.

Балдар үчүн: Ырлар.  Ф.: Кыргызмамбас, 1947.  28 б. Жаш акындардын ырларынын жыйнагы (түзүүчү).  Ф.: Кыргызмамбас, 1947.

 99 б.

Менин жерим — ырдын жери: Ырлар. — Ф.: Кыргызмамбас, 1947.  80 б. Жаңы ырлар: Ырлар жана поэмалар.  Ф.: Кыргызмамбас, 1947.

 86 б. Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949.  131 б. Тандалмалуу ырлар жана поэмалар.

Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр жазып баштайт. 14 жашында Фрунзе педагогикалык техникумга кирип 1928 – 1933-жж. окуйт. Ал жакта адабий ийримдерге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы «

Сабаттуу бол» гезитинин сентябрь айындагы санында биринчи жолу «Кызыл жүк» деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары гезит, журналдарга үзбөй жарыяланат.

1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылыктын артынан түшөт.

Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

Алыкул осмонов — өмүр баяны

Казань: Кыргызмамбас, 1937.  16 б. Чуковский К. Федоринанын шору: Ырлар.  Ф.  Казань: Кыргызмамбас, 1938.

 17 б. Руставели Шота.

А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан.

1986-жылы Кыргызстан улуттук жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү «Алыкулдун Акбозат» поэзия майрамын уюштурган. Сыйлыктары.

Алыкул осмонов. өмүр баяны

Ф.: Мектеп, 1974.

 207 б. Түлкү менен каздар.  Ф.: Мектеп, 1973  19 б. Ырлар.  Ф.: Кыргызстан, 1974.  62 б. Толубай сынчы: Ырлар, поэмалар.  Ф.: Мектеп, 1979.  80 б. Балдар жана турналар: Ырлар.  Ф.: Мектеп, 1980.  10 б. Балдар ыры: Ырлар.  Ф.

: Мектеп, 1988.  16 б. Чыгармалар жыйнагынын 3 томдугу: 1.т.: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984.  296 б. 2.т.: Поэмалар, драмалар, легендалар. – Ф.: Кыргызстан, 1985.  344 б. 3.т.: Котормолор. – Ф.: Кыргызстан, 1986.  278 б.

Он сам подготовил подстрочные переводы для своей первой книги на русском языке и, отправляя рукопись в издательство «Советский писатель», проявил художественный вкус, творческую смелость и самостоятельность суждений, выразив пожелание, чтобы его произведения были переведены С. Маршаком, И. Сельвинским, В. Звягинцевой, С. Липкиным крупнейшими мастерами поэтического перевода.

Алыкул осмонов

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги «Дүйнөлүк акындар» альманахына кирген.

Ошондой эле, анын чыгармалары орто мектептерде, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат.

Өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкул таануу багыты улам кеңири кулач жайган.

Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мындан сырткары, чоң котормочу экендигин дагы көрсөттү.

Пушкиндин «Евгений Онегин», Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин «Он экинчи түн», «Отелло» трагедиясын, Шота Руставелинин «Жолборс терисин жамынган баатыр» жана башка авторлордун чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Ошондой эле, бир нече драмаларды жаратты. Көптөгөн ырларына обондор жаралды.

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты да, тагдыры да бөлөкчө. «Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына миң мертебе калп айта албаган» бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган.

Источник: https://pravo-36.ru/dil-bayan-a-osmonov

Область права
Добавить комментарий